• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн 91 орундук бош

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Бишкекте коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн 24-июнь саат 12:00гө карата 91 орундук бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 1, Улуттук хирургия борборунда 1, Кардиология жана терапия улуттук борборунда 15, Чүй облустук бириктирилген ооруканада 1, Улуттук госпиталда 21, Онкология жана гематология улуттук борборунда 2, Республикалык наркология борборунда 50 орундук бош.

Ал эми №2 төрөт үйүндө, №1 шаардык ооруканада, №6 шаардык ооруканада, Фтизиатрия улуттук борборунда бош орундуктар жок.

Пикир

Оставить комментарий