• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын жыйыны өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэр Виктория Мозгачеванын жетекчилиги астында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, штабдын мүчөлөрү шаардагы учурдагы курч кырдаалды, коронавирус инфекциясынын жайылуусун талкуулашты.

Жолугушууга эксперттик консультант - медицина илимдеринин доктору, профессор Талантбек Сооронбаев жана борбордогу үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жана төрөт үйлөрүнүн башчылары чакырылды.

Кеңешчи учурдагы абалды жакшыртуу үчүн бир нече сунуштарды киргизди. Ал ар бир медициналык мекемеде көп тармактуу топ түзүп, оор учурлар боюнча консультацияларды өткөрүп, ошондой эле эффективдүү дарылоону аныктоо үчүн канга милдеттүү түрдө анализ жүргүзүүнү сунуш кылды.

5-июлга карата Бишкек шаарында 924 учур аныкталды, анын ичинен 688и шаарда каттоосу бар, 180 адам себептер менен борборго келгендер, 56сы белгисиз, 924үнүн 848и симптомдору бар, 76 симптомсуз, 813 амбулатордук, 111 стационардык.

Борбор калаанын мэриясы бардык сактык чараларын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоону чын жүрөктөн суранат: беткап кийип, социалдык аралыкты сактаңыз, антисептиктерди колдонуңуз, колуңузду тез-тез жууп, имаратыңызды желдетип туруңуз.

Пикир

Оставить комментарий