• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте коронавируска каршы массалык эмдөө өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бишкекте 11-июлда коронавируска каршы массалык эмдөө өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Курманжан датканын эстелигинин жанында бардык эпидемиологиялык стандарттарга жана талаптарга ылайык, Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө болду. Вакцинаны паспорт менен келген бардык каалоочулар алышты.

Акцияга саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева катышты.

"Процесс өтө тез өттү, адегенде дарыгердин консультациясы, каалочуларды каттоо, кан басымын жана температурасын өлчөө, андан кийин эмдөө жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Процедураларды Бишкек шаарынын төрт районунун көчмө мобилдик бригадасынын тажрыйбалуу дарыгерлери өткөрүштү. Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлери дагы тартылып, алар шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалыматтык буклеттерди таркатышты.

"Эмдөөдөн кийин вакцинацияланган адамдар 30 мүнөт дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алардын бош убактысы жана шаардыктардын жалпы маанайы үчүн ата мекендик эстрада жылдыздары концерт коюшту", -деп кошумчалашты мэриядан.

Белгилей кетсек, Республикага 1 миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келип түшкөн, анын 240 миң дозасы борборго бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий