• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте коронавируска каршы вакцинаны 19 миң 166 адам алды. Эмдөө жайлары

COVID - 19 0

Бишкек, 25.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте коронавируска каршы вакцинаны 19 миң 166 адам алды. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Анын айтымында, 6 миң 266 адам вакцинанын экинчи дозасына алды.

“Алардын ичинен 2 миң 541и медик, 739у мектеп мугалими, 907си мамкызматкер, 5 миң 167си 65 жаштан жогору курактагылар, 347си күч структуранын кызматкерлери, 988и калган жарандар”, - дейт ал.

Шамырканова шаардагы эмдөө жайларын тизмектеп кетти.

- Биринчи май районундагы №14, №16 үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Ленин районундагы №2, №17 үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Свердлов районундагы №4, №8, №9 үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Октябрь районундагы №15, №19 үй-бүлөлүк медицина борбору.

Ошондой эле Калыс-Ордо, Учкун, Ак-Бата, Бакай-Ата, Ак-Босого конуштарындагы дарыгерлер амбулаторияларында эмдөө жүргүзүүлүүдө.

Россиядан келген “Спутник V” вакцинасынын экинчи дозасын саюу төмөнкү жерлерде жүрүүдө;

- Октябрь райондук Үй-бүлөлүк бириккен дарыгерлер борбору;
- Ленин районундагы №2 үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Биринчи май районундагы №7 үй-бүлөлүк медицина борбору;
- Свердлов районундагы №8 үй-бүлөлүк медицина борбору.

Мындан сырткары, 19-марттан тарта саат 15:00дөн 23:00гө чейин Бишкек шаардык студенттик бейтапканасында, №8, №14, №18 үй-бүлөлүк медицина борборунда кечки эмдөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий