• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте коронавирустан айыккандардын саны аны жуктуруп алгандарга караганда көбөйүүдө - премьер

COVID - 19 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Бишкекте коронавирустан айыккандардын саны аны жуктуруп алгандарга караганда көбөйүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада илдеттен каза болгондор медициналык мекемелерге кеч кайрылгандар арасында көп катталууда.

“Эгер оорунун белгилери байкалса, анда тезинен жардам сурап кайрылууга чакырат элем. Бишкекте коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн 16 стационар иштеп жатат”, - дейт ал.

Премьер-министр аймактарда эпидемиологиялык абал курчуп бара жатканына токтолду.

“Республика боюнча жалпы 848 күндүзгү жана түнкү стационар ачылган. Аймактарда ооруп калгандардын саны өсүүдө. Өткөн суткада стационарларга 8 миң 902 жаран кайрылды”, - дейт Боронов.

Пикир

Оставить комментарий