• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте коронавирустан улам жаштар уюмдарынын фестивалы жылдырылды – Парханов

Коом 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарында март айынын аягында өтө турган жаштар уюмдарынын фестивалы жылдырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди.

Мындай чечим дүйнөдө тарап жаткан коронавирустун улам кабыл алынган.

"Март айынын аягында жаштар уюмунун фестивалы өтмөк болчу. Кыргызстанда мындай уюмдар көп. Жаштар бири-бирин жакшы таануу үчүн жана кандай долбоорлору бар экенин билүү үчүн аянча түзүп берели дегенбиз. Күн мурун фестивалга катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу боюнча билдирүү жасаганбыз, көп өтпөй фестивалга катышабыз дегендердин саны өстү", - дейт ал.

Иш-чара "2017-2020-жылдары жаштар саясатын өнүктүрүү" программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий