• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте коронавирустан жаш милиционер каза болду

COVID - 19 0


Бишкек, 29.06.20 /Кабар/. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкери, милициянын улук лейтенанты Бердибай Элакунов көз жумду. Бул тууралуу агенттикке шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ал 37 жашта болгон. Жакында эле соцтармакта Элакуновдун видеосу тараган. Анда ал коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандыгын жана бул коркунучтуу дарт экендигин билдирип, бардыгынан санитардык чараларды сактоону өтүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий