• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте коронавирусту кайра жуктуруп алган алгачкы 2 учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Бишкекте коронавирусту кайра жуктуруп алган алгачкы 2 учур катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик санитардык-эмидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Кубан Кундашев билдирди.

Ал учурда коронавирусту (жана пневмония) кайра жуктуруп алган адамдардын саны боюнча так маалыматы жок.

“Бирок борбор калаада коронавирусту кайра жуктуруп алган 2 учур аныкталды. Алар расмий түрдө тастыкталды. Менин билишимче коронавирусту кайра жуктуруп алган учурлар жетиге жетет”, - деди ал.

Анын айтымында, коронавирусту экинчи ирет жуктуруп алгандардын биринде – эркек кишиде коронавирус лабораториялык жол менен тастыкталган. Ал эми экинчисинде – бир аял пандемия күчөгөн мезгилде пневмония менен ооруп, өпкөсүнүн 25%ы жабыркаган. Жакында эле ал дарыгерлерге кайра кайрылып, анда пневмония аныкталган (өпкөсүнүн 65%ы жабыркаган).

“Мурда COVID-19 менен ооруган адамдарда пнемония, пневмония менен ооругандарда COVID-19 аныкталган учурлар болууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий