• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте коронавирусту жуктуруп алгандар боюнча Ленин району алдыда

COVID - 19 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Бишкекте өткөн суткада коронавирус 178 адамдан табылды. Бул тууралуу санэпидкөзөмөлборборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулова билдирди.

Анын айтымында, Ленин районунда 83, Биринчи май районунда 17, Октябрь районунда 31 жана Свердлов районунда 33 адам илдетке кабылды.

“178 адамдын ичинен 163үндө оорунун белгилери байкалса, 15инде байкалган эмес. 136 бейтап ооруканага жаткырылса, 42си амбулатордук түрдө дарыланууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий