• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте коронавирустун өсүшүнө байланыштуу 24 мектеп онлайн окутууга өттү

Билим 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. 20-январга карата Бишкек шаарында жаңы катталган коронавирус инфекциясы жана жугуштуу пневмония менен ооругандардын саны 600 учурду түздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө борбор калаада 24 мектеп онлайн окутууга өттү: Свердлов районунда №№ 4, 11, 12, 38, 67, 30, 32, 33, 52, Биринчи май районунда - 6, 18, 28, 29, 48, 70, Октябрь районунда - 17, 26, 88, 62, 60, 73, 61, Ленин районунда - 9, 13. Бул мектептерде коронавирус жуктурган эки-үч учур аныкталган.

"Урматтуу шаардыктар! Борбор калаада ооругандардын саны өсүүдө. Сизди жана сиздин жакындарыңызды коргоо үчүн болгону 4 (!) пункт бар: беткап тагынуу, колду антисептик менен тазалоо, аралыкты сактоо жана эң эффективдүүсү эмдөөдөн өтүү. Өтүнөбүз, ден соолугуңузду сактагыңыз келсе, вакцина алыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий