• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйыны өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйыны өтүүдө.

Резиденцияда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун төрагалыгы астында Жогорку Кеңештин, президенттин, өкмөттүн аппаратынын, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, Эсептөө палатасынын, укук коргоо органдарынын, тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу менен укук коргоо, фискалдык жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жыйын өткөрүлүүдө.

Күн тартибинде саламаттык сактоо тармагында, аны менен бирге коронавирус илдетине карата иш-чараларды жүзөгө ашырууда коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери, жеке ишкерлердин укуктарын коргоо тармагындагы мыйзамдуулуктун абалы, укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдардын ишмердүүлүгүндө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, укук колдонуучу практикадагы тоскоолдуктар, укук коргоо органдарынын кызматтык (коррупциялык) кылмыштар боюнча катталган жазык иштеринин тергөөдөгү абалы, 2020-жылы аталган категориядагы иштер боюнча сот органдары тарабынан кабыл алынган актоо өкүмдөрүнүн негиздери жана себептери талкууланмакчы.

Мындан сырткары, мурдагы Координациялык кеңешменин чечиминин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн иш чаралардын жыйынтыгы каралат.

Пикир

Оставить комментарий