• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин экинчи жыйыны өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин экинчи жыйыны өтүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы өзүнүн сөзүндө жыйындын негизги темасы 2022-2024-жылдарга Кыргызстанда мамлекеттик коррупцияга каршы стратегияны кабыл алуу болуп саналарын белгиледи.

“Стратегия мурда кабыл алынгандан айырмаланып турушу керек, анткени биз коюлган максаттарга карабастан, 30 жылдан бери коррупциялык тобокелдиктерге байланышкан маселелерден арыла албай келебиз. Биз өсүп келе жаткан муун коррупция деген сөздү унутушу үчүн колдон келгендин барын жасашыбыз керек”, - деди ал.

Эскерте кетсек, иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, аталган кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова, бизнес-ассоциациялар, жарандык сектор, илимий жана билим берүү мекемелери, андан тышкары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана чакырылган коноктор катышууда.

Пикир

Оставить комментарий