• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун билим берүү уюмдарында Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, катышуучулар үчүн класстык сааттар, тегерек столдор, чогулуштар, баарлашуулар, диктант, дилбаяндар, викториналар, сүрөт, плакаттар, дубал газеталар жана видео роликтер боюнча сынактар өткөрүлдү. Башталгыч класстын окуучулары коррупция маселесин көтөргөн чыгармаларды окушту.

Иш-чаранын жумалыгы “Биз коррупцияга каршыбыз!” аттуу чоң райондук сынак менен жыйынтыкталды.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Ардак грамоталар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий