• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кошумча эки Калкты тейлөө борбору ачылат – даректери

Коом 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бишкекте кошумча эки Калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

"Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2020-жылды "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялоосунун алкагында, ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасына боюнча, өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен борбордогу ири Калкты тейлөө борборлорунда, тактап айтканда Жаш Гвардия бульвары 4 дарегинде жайгашкан 3-Калкты тейлөө борборунда жарандардын топтолуусун төмөндөтүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Бишкекте кошумча Калкты тейлөө борборлорун ачуу процессин тездетти", - деп билдирет Каттоо кызматы.

Каттоо кызматынан белгилешкендей, жаңы ачылып жаткан эки борбор шаардагы Калкты тейлөө борборлору менен бирге 21-майдан тарта иштеп баштайт.

Бүгүнкү күндө ал Калкты тейлөө борборлорунда оңдоп-түзөө иштери аяктап жатат.

Каттоо кызматынын даректери:

1. Ленин району, "Фрунзе" ГМ, Садырбаев көчөсү 107 - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши;

2. Биринчи Май району, мурунку ЖААК кеңсесинин имаратында, Тоголок Молдо көчөсү 21 (Фрунзе көчөсү менен кесилишет).

Алар чоң Калкты тейлөө борборлорунан айырмаланып, жарандарга төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

• 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштыруу

• 16 жашка толгондо (16 жаштагылар)

• Жаш балдарга жалпы жарандык паспорт

• 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттордун жоголушу

• ПИН

• Сүйүнчү

• Даяр паспортторду берүү

• Чет өлкөлүк жарандарды каттоо

• Жарандарды убактылуу турган жери боюнча каттоо

• Жарандарды жашаган жери боюнча каттоо

• Туулгандыкты каттоо

• Өлгөндүктү каттоо

• Аталыкты аныктоону каттоо

• Никеге турууну каттоо

Пикир

Оставить комментарий