• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте КР чек арачылар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 28.05.18./Кабар/. Бишкекте КР чек арачылар күнүн жана СССР чек ара коргоо кызматынын түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилешти.

Ага карата калаада майрамдык иш-чара болуп өттү.

Ошондой эле бүгүн чек ара коргоочуларынын адистик майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар чек ара бөлүмдөрү жайгашкан бардык шаар жана райондордо өткөрүлөт.

Кызмат аткаруу учурунда аскердик милдетин аткарып жатып каза тапкан чек ара коргоочуларынын элесине таазим кылуу менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жана чек ара ведомствосунун жетекчилиги, ардагерлер жана иш-чаранын коноктору Чек ара даңкынын гүл багындагыэстеликке гүл чамбар коюшту.

Салтанат Мамлекеттик чек ара кызматынын мыкты аскер кызматкерлерине өкмөттүк жана ведомстволук медалдарды, төш белгилерди жана башка сыйлыктын түрлөрүн тапшыруу иш-чарасы менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий