• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте КР эл артисти Советбек Жумадыловду эскерүү кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино жылдызы Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына карата эскерүү кечеси өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, эскерүү кечеге Советбек Жумадылов менен бирге иштеген инсандар, театр, кино ишмерлери, жакындары, күйөрмандары катышты.

Советбек Жумадыловдун балалык чагы Көл кылаасынын Пржевальск (азыркы Каракол шаары) шаарында өткөн. 7-классты аяктап эле болочок талант, мугалим болууну чечет да, өзү өскөн калаадагы педагогикалык окуу жайына тапшырып окуп калат.

1948-жылы ал педагогикалык окуу жайын аяктап аткан учурда Ташкент шаарындагы А.Н.Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна кабыл алуу жарыяланып калат.

Жаш улан дароо эле аталган институтка тапшырууну чечет да, бир нече кыргыз жаштарынын катарында артисттик өнөрдүн окуусуна өтүп кетет.

Советбек Жумадылов театр өнөрү институтун 1953-жылы ийгиликтүү аяктап келип, Кыргыз мамлекеттик драма театрына (азыркы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры) кабыл алынат.

Ошондон тартып, өмүрүнүн акырына чейин ушул театрда дээрлик жарым кылымга жакын эмгектенген.

1988-1990-жылдары Советбек Жумадылов Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын көркөм жетекчиси болуп да кызмат өтөгөн.

Советбек Жумадылов Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында ондогон драмалык, трагедиялык жана комедиялык маанайдагы ролдорду эң жогорку артисттик чеберчилик менен аткарган, чыгармачылык диапозону өтө кеңири, көзүнүн тирүүсүндө эле кыргыз сахна өнөрүнө даңаза жана кумир болгон инсан.

Анын Солтобайы менен Ашырбайы("Ашырбай"), Войницкийи ("Ваня таеке"), Мырзакулу ("Бетме-Бет"), Чарыны ("Ак боз ат"), Маке чалы ("Алтын аяк"), Подколесини ("Үйлөнүү"), Эзобу ("Эзоп"), Доктору ("Унутулган адам"), Отеллосу ("Отелло"), Омор Хаямы (“Омор Хаямдын махабаты”), Ричарды ("Ричард III"), Эдигейи ("Кылым карыткан күн") ж.б. кыргыздын улуттук сахна өнөрүндө өтө жогору бийиктикке чыккан образдар болуп саналат.

Айрыкча, Советбек Жумадылов жараткан легендарлуу грек тамсилчиси Эзоптун образы жеке гана артисттин ийгилиги эмес, жалпы эле кыргыз улуттук сахна өнөрүндөгү этаптуу көрүнүш болуп эсептелет.

1980-жылдардын ичинде Советбек Жумадылов кыргыздын чыгаан режиссеру Искендер Рыскулов койгон "Ричард III", "Кылым карыткан күн", “Жаш гвардия”, “Эрик таңы” сыяктуу спектаклдерде ойноп, чыгармачылыгында мурда боло элек жаңы бийиктикке ийгиликтүү көтөрүлүүгө жетишкен.

1986-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры Москва шаарында чыгармачылык гастролдо болгон учурда москвалык адистер жана сынчылар Советбек Жумадыловдун Ричардына өтө жогору баа беришкен.

Ал эми 1988-жылы ошол эле Москва шаарында “Театр Наций” ачылганда И.Рыскулов койгон "Кылым карыткан күн" спектакли мыкты чыгармалардын арасында бул окуяга катышуу укугуна ээ болгондо, С.Жумадылов Эдигей Жангелдиндин образы менен москвалык көрүүчүлөрдү кадимкидей суктанткан.

1980-жылдардын аягы, 1990-жылдардын башында С.Жумадылов "Манас" эпосу боюнча коюлган спектаклдерде бир нече образдарды жараткан.

«Сейтек» драмасы боюнча коюлган спектаклдеги Советбек Жумадылов чыныгы эр жүрөк баатыр гана эмес, эң биринчи кезекте адамдарга ишенген, жалпы элге таянган адилет каарман катары көрүнгөн. Актёр бул образда кыргыз элинин залкар эпосундагы кайталангыс каармандын бүткүл жан дүйнөсүн көрүүчүлөргө таасын ачып бере алган.

Ал эми «Айкөл Манас» драмасында Советбек Жумадылов негизги каармандардын бири Бакайдын образын да аткаруучулук жогорку чеберчилик менен ачып берүүгө жетишкен.

Кыргыздын улуттук театр өнөрүнөн тышкаары Советбек Жумадыловдун кыргыз киносунда жартакан эстен кеткис, нары кайталангыс көп сандаган образдары бар. Ал баш-аягы кырктан ашуун киноролдо ойногон. Бул жагынан алганда, ага замандаш кыргыз совет артисттеринин бири да мындай көп сандаган фильмдерге тартылуу бактысына туш болушкан эмес.

Советбек Жумадыловдун Шараф ("Жоро"), Баяке (“Ак-Мөөр”), Жарасбай ("Караш-Караш ашуусунда атылган ок"), Байзак ("Ысык-Көлдүн кызгалдактары"), Ормотой ("Көчө"), Абды (“Акжолтой”) ж.б.у.с. ролдору улуттук кинонун классикасы катары эсептелет.

Таланттуу актёр ошондой эле жүздөгөн орус тилдүү фильмдерди кыргызча сүйлөтүүдө эң жогорку актердук чеберчиликти көрсөткөн.

Советбек Жумадылов кыргыздын улуттук радио жана телевидениесинде ишке ашырылган радио-телеспектаклдерде ойноп, прозалык чыгармаларды көркөм окуп, талантынын дагы бир кырын гана ачпастан, аталган тармакка да өтө чоң ийгилик алып келип, зор салымын кошкон.

Советбек Жумадылов кыргыз театр жана кино өнөрүнө өтөгөн зор кызматы үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий