• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте КР менен КЭРдин дипмамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Саясат 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-январда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун, дипломатиялык корпустун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле маданият, искусство ишмерлери жана башкалар катышты.

Салтанаттын меймандарына кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык мамилелеринин өнүгүшү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөп, анда акыркы 30 жыл ичинде Кыргызстан менен Кытай эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Мамлекет башчысы ишке ашырылып жаткан эң маанилүү эки тараптуу долбоорлорго токтолуп, ошондой эле 2022-жылга карата ар кыл чөйрөдө келечектүү биргелешкен пландарды белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий