• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте КР менен РФнын дипкызматташтыгынын 25 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Коом 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта саат 11:30да Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Кыргызстан – Россия: кызматташтыктын ар тарабы. Дипломатиялык мамиленин 25 жылдыгына карата” деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөнүн ачылышы болду. Бул тууралуу Улуттук китепкананын маалымат кызматы билдирди.

Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган.

1992-жылы дипломатиялык мамиле түзүлгөн мезгилден берки чейрек кылымдын ичинде Кыргызстан менен Россия Федерациясы активдүү саясий байланышта, өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкта болуп, ошондой эле коопсуздук жагында натыйжалуу кызматташып келатышат. Россия менен стратегиялык өнөктүктү жана союздаштык мамилени чыңдоо жана өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясий жана тышкы саясий-экономикалык приоритеттеринин негизгилери болууда.

Көргөзмө төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:

1. “Биздин келечегибиз улуу Россия менен кызматташууда...”

Бул бөлүм Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу байланышына жана саясий чөйрөдө эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн, Парламенттеринин жана Лидерлеринин ортосундагы көп тараптуу кызматташтыктарга арналган.

Бул бөлүмдө эки өлкөнүн эгемендиктери жарыяланган күндөн берки Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилесинин негизги учурларын чагылдырган макалалар, публикациялар, фотографиялар, китептер, тарыхый булактар коюлган, алар – “Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилени түзүүжөнүндө 1992-жылдын 20-мартындагы протокол”, “Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү жөнүндө декларация”, “Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишим”, “Россия Федерациясы менен Кыргызстан Республикасынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишим”, Кыргызстан менен Россия Федерациясынын Президенттеринин жана Өкмөттөрүнүн ЕврАзЭСтин, ОДКБнын ж.б. алкагындагы жолугушуулары жөнүндө фотодокументтер. Бул бөлүмдө коюлган китептердин арасында КР Президенти А.Ш.Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрүнүн, кайрылууларынын, интервьюларынын топтому – “Мы можем быть счастливы только в этой стране”, деп аталган жыйнагы, “Стратегическое партнерство Российской Федерации и Кыргызской Республики, предпосылки и основные направления”, “Нам суждено жить в вечной дружбе”, “Ошский дневник дипломата”, “Трудовая миграция в кыргызско-российских отношениях”, “Евразийский экономический союз и социогуманитарное сотрудничество” деген жана башка көптөгөн китептер бар.

2.“...Биздин элдерибиздин жана маданияттарыбыздын кылымдардан берки ажырагыс байланышы...”

Бул бөлүмдө Россия менен Кыргызстандын дипломатиялык жана экономикалык байланыштарынын өнүгүү тарыхы чагылдырылган, аны эки өлкөнүн көптөгөн тарыхчылары изилдеп келатышат. Бул факторлор эки элдин ортосундагы көп кылымдык саясий, экономикалык, маданий жана социалдык байланыштар менен шартталган. Анда Кыргызстан менен Россиянын тарыхый байланыштарынын калыптануусун чагылдырган макалалар, публикациялар, фотографиялар, китептер коюлган. “220 лет. Первое кыргызское Посольство в России (1785-1787)”, “Кыргызстандын Орусияга каратылышы”, “У истоков великого содружества”, “У истоков кыргызско-российских взаимоотношений”, “К истории торговых и посольских связей Средней Азии с Россией в XVI –XVII вв”, “Возрождение кыргызской государственности и развитие российско-кыргызских отношений” деген китептер, “Россия и Кыргызстан этапы стратегического партнерства: от истоков до суверенитета”, “Проблемы развития внешнеэкономических связей Кыргызской Республики в современных условиях”,“Внешнеэкономическиесвязи Кыргызстана” деген документтер жыйнагы ж.б.

Эки өлкөнүн мамилесине тиешелүү эсте калаарлык окуялар КРдагы Россотрудничествонун Өкүлчүлүгүнүн, Ленинград блокадасында калгандардын Кыргызстандагы коомунун, “Гармония” Орус маданий борборунун иштерине байланыштуу фотодокументтерде, ошондой эле мезгилдүү басма сөздөгү материалдар менен макалаларда чагылдырылган.

3. “...Орус тили – биздин жашоо-тиричилигибиздин негизи...”

Кыргызстандагы билим берүүчү жана маданий-гуманитардык процесстердеги орус тилинин ролу абдан жогору. Кыргызстан менен Россиянын мамилесиндеги абдан маанилүү багыттардын бири – интеграциянын тили жана улуттар аралык өз ара түшүнүшүүнүн жана тынчтыктын фактору катары орус тилин бекемдөө болуп эсептелет. Бул бөлүмдө орус тилинин Кыргызстандагы мааниси жана өркүндөтүлушү жөнүндө публикациялар, макалалар, китептер коюлган. Ал китептер – “Русскийя зык в духовной жизни Кыргызстана” (государственные и общественные деятели, творческие работники, ученые педагоги и журналисты о русском языке”), “Орус-кыргыз адабий байланышы”, “Русская поэзия Кыргызстана”, “Сопоставительная фонетика русского и киргизского языков” , ”Пушкин и киргизы”, “Русская литература в переводах на киргизский язык”, “Орус окумуштуулары “Манас” эпосу жөнүндө”, “Контекст киргизской и русской литературы в Кыргызстане” (статьи и материалы, республиканской конференции), материалы международной конференции “Русский язык в Кыргызстане”, “Роль художественной литературы в распространении русского языка” ж.б.

4. “Маданияттагы, илимдеги, билим берүүдөгү өнөктөштүк”

Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө көп күч жумшап жатышат. Буга Кыргызстанда Кыргыз-Россиялык Славян Университетинин ачылышы, миңдеген кыргызстандыктардын Россиянын жогорку окуу жайларында окуп жатышканы, Кыргызстандын жана Россиянын маданият күндөрүнүн өткөрүлүшү, КМШнын китепканалык-информациялык мейкиндигинин сакталышы мисал болот.

Бул бөлүмдө архивдик материалдардын копиялары коюлган – “Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият, илим жана билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу”, “Бишкек шаарында КРСУ ачуу жөнүндө” Жарлык, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн КРСУну уюштуруу жөнүндө” токтому (Москва ш., № 149, 23.02.1994 г.), китептер: “Российские подвижники в истории культуры Кыргызстана”, “Культурные взаимосвязи Кыргызстана и России”, “Из истории кыргызско-российского межкультурного дискурса”, “Научные связи Кыргызстана и России, становление и развитие”, журналдар – “Вестник КРСУ”, “Русское слово в Кыргызстане”, ар түрдүү фотодокументтер.

Бул бөлүмдө КРнын Улуттук китепканасы менен Россиянын Мамлекеттик китепканасынын (ГРБ), Россиянын Улуттук китепканасы, МФГС, БАЕ менен кызматташтыгы жөнүндө материалдар да бар. КР Улуттук китепканасында Россиянын адабиятынын жана маданиятынын борбору иштейт, ал РГБнын, Москва Өкмөтүнүн, Россииянын “Информация для всех” программасынын колдоосу менен ачылган.

Иш-чарага КР Президентинин, КР Өкмөтүнүн аппараттарынын расмий адамдары, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, ошондой эле Бишкекте аккредиттелген элчиликтердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, белгилүү коомдук ишмерлер, маданияттын, илимдин кызматкерлери,чыгармачыл интеллигенция, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жождордун студенттери катышат.

Дареги: Бишкек ш., Ю.Абдрахманов көчөсү 208, КР Улуттук китепканасы.
Тел: 30-46-95, 30-46-75.

Пикир

Оставить комментарий