• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте КР Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өтөт

Президент 0

Бишкек, 10.12.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 10-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Соттук реформа боюнча кеңештин үчүнчү жыйыны өтөт.

Маалыматка ылайык, жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын ченемдерин колдонуунун жүрүшү жана жаңы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган, Соттук реформа боюнча кеңеш жана Өкмөт тарабынан жактырылган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун жана илгерилетүүнүн жүрүшү жөнүндө маселелердин каралышы күтүлүүдө.

Жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева доклад менен чыгып сүйлөшөт.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Соттук реформа боюнча кеңештин чечими кабыл алынат.

Эске салсак, КР Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйыны 2018-жылдын 17-майында, экинчи жыйыны 2018-жылдын 27-декабрында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий