• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте КР ТИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги отуруму өттү

Саясат 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумду тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ачып, Коомдук кеңештин мүчөлөрүнө министрликтин ишмердүүлүгүнүн алкагындагы өткөн иш сапарлар жана иш-чаралар, өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусунда ушул жылдын аягына чейин пландалып жаткан кеңешмелер тууралуу айтып берди.

ТИМдин Коомдук кеңеши министрликтеги бош жумуш орундарына болгон сынак, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендерлер жана ТИМдин консулдук кызматынын айрым маселелери тууралуу маалыматтарды укту. Ошондой эле КРнын тышкы саясатынын концепциясынын долбооруна байланыштуу маселелер талкууланды.

Жолугушууга Коомдук кеңештин 5 мүчөсү жана министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жооптуу кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий