• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте КР жана КЭР ортосундагы кызматташуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 21.08.17 /Кабар/. Бишкек мэриясында шаардын биринчи вице-мэри Ренат Макеновдун Ухань (КЭР) шаарынан келген делегаттар менен жолугушуусу болуп өттү.

Шаардык муниципалитеттен кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун ар түрдүү маселелери талкууланды.

Биринчи вице-мэр Ренат Макенов өз сөзүндө, былтыр Бишкек жана Ухань ага-инидей шаарлардан болуп калгандыгын жана келечекте жигердүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий