• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте КРнын 2026-жылга чейинки өнүктүрүү улуттук программасынын долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.10.21./Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейинки өнүктүрүү улуттук программасынын долбоорун талкуулоо жүрүүдө.

Иш-чара программанын жоболорун илимий-академиялык коомчулук менен талкуулоого багытталган.

Бул жолугушуу 2026-жылга чейинки улуттук программанын долбоорунун кезектеги талкуусу. Өткөн жумада ушундай эле жолугушуулар бизнес, жарандык коомчулук, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана эл аралык уюмдарды чакыруу менен болгон.

2026-жылга чейинки улуттук программанын долбоорунда COVID-19дун жана анын жаңы штаммдарынын жайылышын алдын алууга, калкты массалык эмдөө жана экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө, антикризистик башкаруу процесстерин актуалдаштырууга багытталган антикризистик чаралар каралганы белгиленет.

Документте 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында камтылган өнүктүрүү идеяларынын ырааттуулугу сакталган.

2040-жылы Кыргызстан күчтүү, өз алдынча, өнүккөн мамлекет болуп, анын көңүл борборунда эң жогорку баалуулук катары адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укугу жана эркиндиги, ал үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү болот.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев аталган документти иштеп чыгуунун актуалдуулугун, анда өлкөдөгү, аймактагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өнүгүүнүн жаңы көз карашын калыптандыруу камтылганын баса белгиледи.

2026-жылга чейинки программанын негизги милдеттери — сот тутумун реформалоо, мамлекеттик-жеке ишкердик механизмдерин практикалык жактан ишке киргизүү, фискалдык колдоо чаралары, административдик тоскоолдуктарды жоюу, ЭЭА башкармалыгын реорганизациялоо, мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы катышты азайтуу, бизнести колдоо чараларын колдонуу жана башка өзгөчө көңүл бура турган өнүгүү чөйрөсүн калыптандыруу.

Өнүгүү багыттарынын ар бири боюнча орто мөөнөттүү максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга багытталган долбоорлордун тобу сунушталат.

Мындай жолугушуу 7-октябрда Ошто өткөрүлүп, анда илимий коомчулуктун катышуусу менен талкуулар жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий