• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте КРнын кросс боюнча чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Бишкектеги Каражыгач сейил багында Кыргызстандын кросс боюнча чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Турнирге аймактардан жана шаарлардан жүздөн ашык өкүл катышты. Мелдештер жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясынын эрежелери боюнча өткөрүлдү.

1, 2, 3-орундарды алган спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрүнүн башкармалыгынын диплом жана медалдары менен сыйланышты.

Жыйынтыктар:

- 1000 метр

Эркектер арасында:

1. Бакыт Момуналиев (Аламүдүн);
2. Вячеслав Рыжков (Бишкек);
3. Абдылда Калдыбаев (Бишкек);

Кыз-келиндер арасында:

1. Шааева Толгонай (Нарын);
2. Галина Куненко (Ананьево);

- 2000 метр

Эркектер арасында:

1. Тилек Калыгулов (Москва району);
2. Бекзат Калматов (Талас облусу);
3. Шамиль Мусуралиев (Москва району);

Кыздар арасында (2003-2004-жылдары төрөлгөндөр):

1. Чолпон Тазабекова (Ананьево);
2. Яна Ахметова (Москва району);
3. Арууке Кушчубекова (Талас облусу);

Кичинекейлер кыздар арасында (2001-2002-жылы төрөлгөндөр):

1. Роза Тураева (Жалал-Абад);
2. Маргарита Корчемкина (СДЮШОР);
3. Сабина Батаджиева (СДЮШОР);

- 3000 метр балдар арасында:

1. Алмаз Есенжанов (Москва району);
2. Руслан Жамбаев (Ананьево);
3. Хабибилла Акылбек уулу (СДЮШОР);

- 4000 метр кыздар арасында:
1.Гипариза Турарова (СДЮШОР);
2.Бактыгул Курамаева (БМК);

- 6000 метр эркектер арасында:

1.Нурсултан Кеңешбеков (СДЮШОР);
2.Михаил Солошенко (СДЮШОР);
3.Доолобек Кенжебеков (Талас);

- 12 000 метр эркектер арасында:

1.Самат Казакбаев (СДЮШОР);
2.Данияр Арыпбеков (СДЮШОР);
3. Дастан Омурбек уулу (ДОВС).

Пикир

Оставить комментарий