• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте «КРнын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аларды чечүү жолдору» Улуттук форуму өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 27.01.22./Кабар/. 2022-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин калкасы астында Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен биргеликте «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аларды чечүү жолдору» Улуттук форумун өткөрөт.

Аталган иш-чаранын максаты мамлекет менен энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында иш алып барган бизнес-чөйрө ортосундагы тыгыз диалогду орнотуу болуп саналат.

Иш-чарада энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагынын учурдагы абалы, анын ичинде энергиянын ишенимдүү булактарына жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана энергетикалык сектордун айлана-чөйрөгө таасир этүү деңгээлин төмөндөтүү зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Аталган форум жаңылануучу булактар тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүчү кыргызстандык жана чет өлкөлүк рыноктун катышуучуларын, тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, эл аралык уюмдардын жана компаниялардын өкүлдөрүн бириктирүү аркылуу энергиянын кайра жаралуучу булактары рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Пикир

Оставить комментарий