• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте КСДП партиясынын айрым өкүлдөрүнүн курултайы өтүүдө

Саясат 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Бишкектеги Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында КСДП партиясынын айрым өкүлдөрүнүн XVIII курултайы өтүүдө. Анда экс-президент, учурдагы КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу демилгеси көтөрүлүүдө.

Иш-чарага партиянын бардык облустарынан келген 300гө жакын өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, көз карандысыз эксперттер, аксакалдар жана коомдук жана саясий ишмерлер катышууда.

Бул иш-чаранын максаты – партияны Атамбаев баш болгон коррупциялык адамдардан тазалоо жана партиянын жаңы багытын белгилөө.

Партиянын мандаттык комиссиясынын маалыматына ылайык, чогулушта кворум бар, ошондуктан бул курулта толугу менен легитимдүү деп саналат.

Курултайда партиянын юридикалык дарегин да өзгөртүү талкууланат. Белгилей кетсек, партиянын учурдагы дареги Шабдан баатыр көчөсү 4, Форумдун имараты.

Пикир

Оставить комментарий