• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү 20-февралдан тартып бир тараптуу болот – мэрия

Коом 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Кулатов көчөсүнүн тилкеси 20-февралдан тартып бир тараптуу болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“2017-жылы 20-февралдан тартып Кулатов көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаалар үчүн бир тараптуу болот”,-деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, тиешелүү шаардык кызматтар зарыл болгон жол белгилерин коюшуп, Бишкек ИИББнын Патрулдук милиция башкармалыгынын буйругуна ылайык, жол чырактардын иштөө режимин өзгөртүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Мындай чечим вице-мэр Геннадий Милицкийдин төрагалыгы астында жол-транспорт көйгөйлөрүнө байланыштуу чечимдерди кароо жана кабыл алуу боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Кабыл алынган чаралар жол кыймылын уюштурууга жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу болуусуна оң таасир этет.

Бишкек шаардык мэриясы аталган тилкеде бара жаткан айдоочуларды этият болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий