• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте курал-жаракты мыйзамсыз сактаган 14 жаштагы өспүрүм жана эки адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Бишкекте курал-жаракты мыйзамсыз сактаган 14 жаштагы өспүрүм жана эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-март күнү Бишкек шаарындагы 7-апрель көчөсүнөн шаар тургуну эки европа улутундагы адамды жана өспүрүмдү көрүп, биринен ок атуучу куралды байкап калгандыгын ички иштер органдарына телефон аркылуу кабарлаган.

Окуя болгон жерге тез арада милиция кызматкерлери келип, 14 жаштагы Л.К., аттуу өспүрүмдү кармашкан. Кармалган өспүрүм милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 1 даана бычак жана 4 даана 12-калибрдеги ок-дарыларды өткөрүп берген.

16-март күнү аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмүнүн (курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы фактыга шектүү катары Р.Д. жана агасы Я.М., аттуу жарандар кармалган.

Ошондой эле, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө эки дарекке кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, натыйжасында бир катар курал-жарактар жана баңгизат табылган.

"Учурда КР ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматтарынын жана Тергөө кызматтарынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы мыйзамсыз жүгүртүлгөн курал-жарактар менен ок-дарыларга тиешеси бар уюшкан кылмыштуу топтордун, 2019-жылы август айында болгон массалык башаламандыктарды уюштурган жарандарга жана алардын колдоочуларына, ошондой эле 2020-жылдын март айында бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган, массалык баш аламандыктарды уюштурган адамдардын жана алардын тарапташтарынын тиешеси бар экендиги боюнча иликтөө иш чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий