• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн 30 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Кечээ, 23-майда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Күжүрмөн даярдоо Борборунун базасында “КР Куралдуу күчтөрүнө 30 жыл, жыйынтыктар жана перспективалар” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Коргоо министрлигинен билдиргендей, аталган конференциянын максаты – Куралдуу күчтөрдүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоодогу ролун, ордун пропагандалоо, ошондой эле КР КК куруунун алдыдагы негизги багыттарын аныктоо болуп саналды.

Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, министрдин орун басарлары, Коопсуздук кеңешинин, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, Аскер институтунун курсанттары жана Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары катышты.

Пикир

Оставить комментарий