• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Курандын алтын жана күмүш барактары көргөзмөгө коюлду

Коом 0

Бишкек, 24-март /Роман Гайнанов - Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Түбөлүк баалуулуктар” көргөзмөсүндө Курандын алтын жана күмүш барактары коюлду.

Иш-чаранын алып баруучусу Ассоль Молдокматованын айтымында, көргөзмө руханий баалуулуктарга, өзүн, жашоонун маңызын издөөгө жана башка философиялык маселелерге арналган. “Кыргызстандын 25ке жакын белгилүү сүрөтчүлөрү адеп, руханият жана философияга арналган өздөрүнүн мыкты эмгектерин көрсөтүп жатышат. Сүрөттөрдү бүгүн гана көргөзмөнүн алкагында кечинде өтүүчү аукциондо сатып алууга болот”, - деди ал.

Мындан тышкары, көргөзмөгө Москва Монета Сарайында атайын жасалган Осмон Куранынын тексти жазылган алтын жана күмүш барактары алынып келинди. Жалпысынан, төрт: бир -алтын жана үч – күмүш барак коюлган.

“Алтын Куран” – бул VIII кылымдагы “Осмон Куранынын” нагыз көчүрмөсү жана жогорку пробадагы алтындан жасалып, дүйнөдө окшошу жок, искусство чыгармасы болуп саналат. Ал Россиянын Каржы министрлигинин Москва Монета Сарайында жалгыз нускада жасалган. Ал эми “Осмон Куранынын” нукура кол жазмасы – Россия Федерациясынын жеке менчиги жана Санкт-Петербургдагы РИА Чыгыш кол жазмалары институтунда сакталып турат.

Көргөзмөдө сатуулардан түшкөн каражаттардын баары “Апаке” коомдук фондунун уставдык максаттарына жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий