• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кургак учук боюнча 7-регионалдык симпозиум өтүп жатат

Ден соолук 0

02.03.18. /Кабар/. Бишкекте кургак учук боюнча 7-регионалдык симпозиум өтүп жатат. Иш-чара Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана «Чек арасыз дарыгерлер» уюму менен биргеликте уюштурулган. Бул тууралуу КР ССМ басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, бул илимий-практикалык форум саламаттык сактоо министрликтеринен, «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунан, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан, донордук коомчулуктан региондук жана эл аралык адистерди, башка өнөктөштөрдү жана таанылган эксперттерди чогултат.

Ушул жылы адамга багыт алган жардам, кургак учук дартын аныктоо жана аны жаңы препараттар жана жаңы схемалар менен дарылоо жаатындагы жаңылыктар, илимий жана клиникалык изилдөөлөр, ошондой эле каржылоо механизмдери жана препараттарга жеткиликтүүлүк жана сатып алуулар стратегиясы симпозиумдун катышуучуларынын көңүл борборунда болот.

Пикир

Оставить комментарий