• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте кургак учук боюнча 7-регионалдык симпозиум өтөт

Ден соолук 0

Бишкек, 28.02.18 /Кабар/. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана «Чек арасыз дарыгерлер» уюму менен биргеликте уюштурулган кургак учук боюнча 7-регионалдык симпозиуму 1-2-мартта Бишкекте өткөрүлөт. Бул тууралуу КР ССМ басма сөз кызматы билдирди.

Бул илимий-практикалык форум саламаттык сактоо министрликтеринен, «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунан, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан, донордук коомчулуктан региондук жана эл аралык адистерди, башка өнөктөштөрдү жана таанылган эксперттерди чогултат.

Ушул жылы адамга багыт алган жардам, кургак учук дартын аныктоо жана аны жаңы препараттар жана жаңы схемалар менен дарылоо жаатындагы жаңылыктар, илимий жана клиникалык изилдөөлөр, ошондой эле каржылоо механизмдери жана препараттарга жеткиликтүүлүк жана сатып алуулар стратегиясы симпозиумдун катышуучуларынын көңүл борборунда болот.

Маалымат

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча кургак учук бүткүл дүйнөдөгү өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оору 1,7 миллион адамдын, анын ичинде 250 000 балдардын өмүрүн кыйган. Бул өлүмдөрдүн басымдуу бөлүгү төмөн жана орто деңгээлдеги кирешеси бар өлкөлөргө туура келген. Кургак учукка каршы негизги препараттарга туруктуу келген кургак учуктун формалары өтө кооптуу коркунучту жаратат: көптөгөн дарыга туруктуулугу бар кургак учук менен ооруган бейтаптардын жарымы гана ийгиликтүү айыгып кетишет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баа берүүсү боюнча 2016-жылы 600 000 адам рифампицинге – кургак учукка каршы эң натыйжалуу препаратка туруктуулугу бар кургак учук менен ооруган, анын ичинен 490 000 адамда көптөгөн дарыга туруктуулугу бар кургак учук болгон. Дарыга туруктуу кургак учукту дарылоо үчүн азыр эки жаңы препаратка – бедаквилин жана деламанид – жеткиликтүү болгонуна карабастан, аларды дарылоо практикасында колдонууну кеңейтүү Чыгыш Европа жана Борбордук Азия регионунун көптөгөн өлкөлөрүндө жетишерлик тез жүргүзүлбөй жатат.

«Чек арасыз дарыгерлер» отуз жылдан ашык убакыттан бери кургак учукту дарылоо менен иш жүргүзүп жатат. Уюмдун дарыга туруктуу кургак учукту дарылоо боюнча биринчи программалары 1999-жылы ачылган жана бүгүнкү күндө «Чек арасыз дарыгерлер» - дарыга туруктуу кургак учукту дарылоо менен иш алып барган, бейөкмөттүк медициналык эң ири уюмдардын бири.

Пикир

Оставить комментарий