• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кургак учукка каршы күрөшүү боюнча кеңири тегерек стол өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Бишкекте ЮСАИДдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоору 2020-жылдагы кургак учукка каршы кызматтын ишинин жыйынтыгы боюнча кеңири тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат кызматы билдирди.

Талкуунун темасы кызматты күчтөндүрүүнүн жана кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун негизги багыттарын талкуулоого арналды. Тегерек столго Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Улуттук фтизиатрия борборунун жана кургак учукка каршы күрөшүү облустук борборлорунун кызматкерлери ЮСАИДдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунун техникалык жана каржылык колдоосунун аркасында дартты аныктоодогу жетишкендиктерин, Чүй облусунда дарыга туруктуу кургак учук боюнча консилиумдардын ишин, бардык жерде медико-маалыматтык тутумду киргизүүгө мүмкүн болгонун айтып беришти.

Өз кезегинде долбоордун адистери долбоордун ишмердигинин биринчи жылынын жыйынтыктары менен бөлүшүштү. COVID-19 пандемиясынын дүйнөдөгү кургак учук менен байланышкан кырдаалга тийгизген таасири жөнүндө презентация өзгөчө кызыгууну туудурду, анда коронавирус инфекциясынын таралышынын терс таасири жана саламаттыкты сактоо тутумун жаңы инфекцияга, дартты аныктоого багыттоосу жана кургак учукту дарылоо тууралуу маалыматтар берилген.

COVID-19 пандемиясы үй чарбасы, коомчулук жана уюмдардын деңгээлинде гигиенанын жана санитариянын жөнөкөй эле эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Калкты дарыланууга окутуп, туруктуу иш алып баруунун үстүндө иштөөнү күчөтүү, инфекциялык көзөмөл чараларын сактоонун алдын-алуунун жана кандай гана инфекциялык оору болбосун дарылоонун ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп калууга тийиш.

Тегерек стол кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүгө көмөктөшүүдө коомчулуктун жана жарандык коомдун уюмдарынын ролун талкуулоо менен аяктады. Кургак учуктан сакайтууну жакшыртууда медициналык кызматкерлер менен жарандык коомдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн кургак учукка чалдыккан адамдарга карата стигма жана басмырлоону жок кылуудагы, аларга жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоону күчөтүүдөгү мааниси чыныгы мисалдар менен көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий