• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте кургак учукка каршы күрөшүүгө арналган тегерек үстөл өтөт

Ден соолук 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Бишкекте 14-мартта Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө жана бир айлыгына арналган “Кургак учуктун алдын алуу” темасында тегерек үстөл өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кургак учукка каршы күрөшүү бир айлыгы 2017-жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин өтөт. №15 Үй-булөлүк медицина борборунда өтө турган тегерек үстөл Бишкек ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан уюштурулууда.

Иш-чарага шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгер-фтизиатрлары, МАБ, Турак жай ээлеринин шериктештигинин, кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, коомдук саламаттык комитеттеринин мүчөлөрү, №6, 11-чи жана “Асанбай” кичи райондорунун жашоочулары жана саламаттык сактоо департаментинин адистери катышат.

№15 Үй-бүлөлүк медицина борбору 6-чы кичи райондо жайгашкан (Сухе Батор – Юнусалиева көчөлөрүндө)

Маалымдама: Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечими менен жыл сайын 24-мартта өткөрүлөт. Бул күнү 1882-жылы немис микробиологу Роберт Кох кургак учуктун козгогучун ачкан. Окумуштуу 1095-жылы медицина тармагындагы Нобель сыйлыгын алган. Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнүн белгиси – ак ромашка гүлү.

Пикир

Оставить комментарий