• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Түнү Бишкекте курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт Токомбаев жана Кутчубаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдөн болжол менен саат 21:43төр чамасында чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 5 бөлүм тартылып, 11-кабаттан чыккан өрт саат 22:44тө чектөөгө алынган.

Түнкү саат 23:48де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 200 чарчы метр жыгач опалубкалар күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий