• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте куткаруучулар 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган жигитти сактап калышты

Кырсык 0

Бишкек, 14.11.21. /Кабар/. Бишкекте куткаруучулар 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган жигитти сактап калышты, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 14-ноябрда, саат 16:44 чамасында "112" кызматына Гагарин жана Юдахин көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан эркек адам секирүүгө аракет кылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Кырсык болгон жерге ыкчам түрдө Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу чыккан. Куткаруучулар аталган жаран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжасында 9-кабаттан аман-эсен түшүрүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий