• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте куткаруучулар батирде бекилип калган эки кичинекей баланы алып чыкты

Коом 0

Бишкек, 26.05.21 /Кабар/. Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн батирлеринин биринин эшиги бекилип калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, батирдин ичинде 2 жана 3 жаштагы кичинекей балдар жалгыз калып калган. Куткаруучулар батирге атайын альпинисттик шаймандардын жардамы менен кирип, эшикти ачып, балдарды алып чыгып ата-энесине өткөрүп беришкен.

Балдар медициналык жана психологиялык жардамга муктаж болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий