• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте куткаруучулар кудуктан эркек кишинин сөөгүн табышты

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бишкекте куткаруучулар кудуктан эркек кишинин сөөгүн табышты, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ленин районуна караштуу Бөкөнбаев көчөсүндө «Ала-Арча» дарыянын жанындагы кудуктун ичинен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы туралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, маркумдун өздүгү такталган, ал 41 жаштагы А.Ж. аттуу жаран болуп чыккан.

Маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий