• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте куткаруучулар оңдоп жаткан унаасы басып калган жаранды куткарышты

Кырсык 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Бишкекте куткаруучулар оңдоп жаткан унаасы басып калган жаранды куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январда Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунун Кербез көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 1985-жылы туулган А.А аттуу эркек киши Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны оңдоп жаткан учурда домкраты бузулуп, басып калган.

Маалымат "112" кызматына түшөрү менен 5 куткаруучу ыкчам түрдө жерине барып, жардам көрсөтүү менен адам өмүрүн сактап кала алышты.

Андан соң куткаруучулар жабыркаган жаранды Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришкен. Дарыгерлер анын абалы орто экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий