• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте куурчак галереясы ачылды

Маданият 0

Бишкек, 27-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги Сүрөтчүлөр кеңешинин чоң залында куурчак галереясы ачылды.

Галереянын ачылышы XII эл аралык “Оймо-2017” фестивалынын алкагында уюштурулган. Мындай демилгени Кыргызстандагы куурчак кол өнөрчүлөрү көтөргөн.

“Биздин команда бул иш менен үч жылдан бери алектенип келет. Көптөн бери өзүбүздүн аянтчабызды түзүп, ал жерге өз эмгегибизден жасалган куурчактарды коюп, саталы деген планыбыз бар болчу. Биз бүгүнкү галереяны уюштуруу үчүн өтө көп сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Жыйынтыгы жакшы болуп, биз эмгектерибизди элге тартуулап жатабыз”,-дейт Наталья Волошина.

Куурчак галереясы ар дайым иштеп, кезеги келгенде жаңы эмгектер менен толукталып турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий