• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте Кувейттин Улуттук күнүнө арналган илимий-практикалык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Бишкекте Кувейт мамлекетинин Улуттук күнүн майрамдоонун алдында Эл аралык Кувейт университетинде илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Илимий форумдун ишине Кыргызстандын жана Кувейттин жогорку окуу жайларынын алдыңкы окумуштуулары, көрүнүктүү илимпоздору катышты.

Маалыматка ылайык, Кувейт мамлекетинин Улуттук күнүн белгилөөнүн алкагында Эл аралык Кувейт университетинин араб филологиясы кафедрасынын башчысы, доктор, профессор Махмуд Исмаил Ибрахимдин илимий жана педагогикалык ишмердигине басым жасалды.

“Анткени, окумуштуу жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандын студенттерин араб тилине үйрөтүү ишин үзүрлүү аркалап келет. Тилчинин илимий изилдөөсүнүн негизги багыттарынын бири – түрк тилдеринин сөздөрүн жыйнап, биринчи болуп китепке түшүргөн Чыгыштын залкар аалымдарынын бири Махмуд Кашкаринин кылымдар бою көөнөрбөгөн мурасын изилдөө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Конференциянын жүрүшүндө окумуштуулар Эл аралык Кувейт университетинин базасында Махмуд Кашкаринин араб алфавити менен жазылган эмгектерин изилдөө боюнча илимий борборун түзүү демилгесин көтөрүштү. Жыйынга катышкан Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев аталган демилгени колдоду.

“Тил үйрөнүү – мамлекеттер ортосунда кызматташууну, элдер ортосунда достукту чыңдоонун негизи. Ал эми араб тилин үйрөнүү байыркы түрк жана араб дүйнөсүнүн өтө бай маданий мурасынын, эстеликтеринин сырларын табууга жол ачып, түрк менен араб дүйнөсүн жакындаштырууга жакшы салым кошот деп ойлойм”, - дейт Эл аралык Кувейт университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушев.

Пикир

Оставить комментарий