• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте кыймылсыз мүлк сатып алуу боюнча акысыз кеңеш берилет

Коом 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. Бишкекте 29-апрелде Кыргызстанда алгачкы жолу шаардыктарды турак жай тандоодо акысыз кеңеш берүү максатында автобустук тур өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары – “Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү борбору” компаниясы билдирди.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, автобустук тур турак жай сатып алуу же алмашууну каалагандар, ошондой эле, кыймылсыз мүлк тармагындагы потенцияалдуу инвесторлор үчүн өткөрүлөт.

“Иш-чара ишембиде, 29-апрелде өтүп, болжол менен 4 саатка созулат. Бул убакытта шаардагы 5-6 курулуш объекттерин кыдырышып, анын жүрүшүндө катышуучулар кызыккан суроолоруна жоопторду алышып, кыймылсыз мүлк сатып алууда кеңири жайылган кемчиликтер боюнча адистердин кеңешин ала алышат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Турга катышууну каалагандар уюштуруучу компаниянынрасмий сайтында өтүнмө калтыруулары керек.

Пикир

Оставить комментарий