• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кыргыз адабиятынын абалы талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Күн мурун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде министрдин орун басары Нуржигит Кадырбеков Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөргөн.

Жолугушууда буга чейинки өткөн жыйындардагы кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жана алдыдагы иш пландар талкууланды, - деп маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы.

“Маданият десе эле, эмнегедир, биринчи кезекте опера, балет, театр, концерт жана кинону түшүнөбүз. Бирок, бул тармактар акын, жазуучу, драматургдардын чыгармаларысыз өнүгө албайт. Маданияттын өзөгү – бул сөз. Ошондуктан, улуттук маданиятты сактоодо жана байытууда калемгерлердин ролу эбегейсиз”- деди Нуржигит Кадырбеков.

Ал акын-жазуучуларды каражат тартыштыгына карабай элди көбүрөөк аралап, коомдун руханий жана билим көрөңгөсүн бийиктетүүгө астейдил аракет кылууга чакырды.

Жыйында ошондой эле, Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгын өткөрүү, жазуучулардын китептерин басып чыгарууну колго алуу максатында демөөрчүлөрдү тартуу, “Адабият күнүн” алп жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнүнөн башка күндө өз алдынча белгилөө, “Бир адамдан бир китеп” сыяктуу мыкты демилгелерге катышуу аркылуу элди китепке кызыктыруу ишине акын-жазуучуларды көбүрөөк аралаштыруу, жер-жерлерде окурмандар менен бетме-бет жолугушуу жана чыгармачылык кечелерди байма-бай уюштуруу, Кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытууга салым кошкон чет элдик адабиятчылардын катышуусу менен “Кыргыз адабиятынын достору” эл аралык конференциясын өткөрүү, интернетте кыргыз авторлорунун чыгармаларынын кыскача мазмундарын жазып жайылтуу, кыргыз чыгармаларын чет тилдерге которуу ишин күчөтүү ж.б. боюча ойлор ортого салынды.

Жыйынтыгында Кыргыз адабиятын көтөрүү боюнча министрлик менен жазуучулар уюмунун биргелешкен планынын долбоору даярдалып, жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий