• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте кыргыз айым режиссерлорунун кино форуму өтөт

Маданият 0

Бишкек, 21.11.17./Кабар/. Бишкекте Кыргызстандагы режиссер айымдардын форуму өтөт. Бул тууралуу “Азия чыгармачыл айымдар” фондунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 17-декабрында “Азия чыгармачыл айымдар” фонду Кыргызстанда биринчи ирет айым режиссерлорду колдоп, башын бириктирүү максатында “Кыргыз айым-режиссерлорунун биринчи Кинофоруму” аталышындагы форум өткөргөн.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Тарых жана маданият, ошондой эле Кыргыз киносунун 75 жылдыгына карата өткөрүлүп, форумда 15ке жакын айым-режиссерлордун кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлгөн.
Бул жылы форум 22-23-декабрда өтөт. “Биздин экинчи форумубуз эки күнгө созулат. Иш-чаранын биринчи күндө айым режиссерлор үчүн атайын мастер-класс болуп, экинчи күнү болсо тасмалар көрсөтүлөт”,-деп билдиришти уюштуруучулар.
“Азия чыгармачыл айымдар” фонду 2013-жылы түзүлгөн. Фондун негиздөөчүлөрү Асел Жураева жана Айгерим Бирназарова.

Пикир

Оставить комментарий