• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-америкалык биргелешкен консультациялар өтөт

Саясат 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Джонатан Хеникти кабыл алды, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

АКШ делегациясы 2019-жылдын 31-июлунда өтүүчү төртүнчү ар жылдык кыргыз-америкалык эки тараптуу консультацияларга катышуу үчүн Бишкекке келген.

"Тараптар техникалык-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө жаңыланган Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн, биргелешкен практикалык долбоорлордун багыттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча кызматташтыкты жандантуу маселелерин талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Америкалык тарап Кыргыз Республикасынын демократиялык жетишкендиктерин жогору баалады жана өлкөдөгү демократиялык институттарды жана базар экономикасын бекемдөөгө мындан ары дагы көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

"Биздин өз ара мамилелерибизди бекемдөө ниетибиз бар. Кыргызстан жетишкен прогрессти көрүүгө кубанычта болдум", - деп белгиледи Дж.Хеник.

Тараптар кыргыз-америкалык мамилелерин жаңы мазмун менен толуктоо зарылдыгы тууралуу өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Пикир

Оставить комментарий