• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кыргыз-беларусь мамилелеринин өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. 11-апрелде Тышкы иштер министринин орун басары Эмиль Кайкиев Беларусиянын КРдагы элчиси Андрей Страчконун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, Э.Кайкиев элчини бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалап өттү.

Жолугушууда кыргыз-беларусь мамилелеринин абалы жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү ниетин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий