• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Kyrgyz Build 2018 көргөзмөсү өтүп жатат

Коом 0


Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Kyrgyz Build 2018 курулуш индустриясынын көргөзмөсү башталды.

Көргөзмө Кыргызстандын курулуш индустриясындагы бирден-бир адистешкен окуя болуп саналат. Бул республиканын курулуш индустриясынын ташуучулары, өндүрүүчүлөрү, дилерлер жана таасирдүү кесипкөйлөрдүн иштиктүү жолугушуулары үчүн натыйжалуу орун.

Көргөзмө катышуучуларды да, келген меймандарды да кызматтардын кеңири тармагы жана ар түрдүү продукциянын бай ассортименти менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Экспозицияда курулуш материалдары жана жабдуулар, куруу материалдары жана техноогиялары, боектор, жарыктандыруу, сантехника, фасаддык архитектура, коргоо жана байкоо теле жабдуулары, жол жана жол курулуш техникасы, тоо өнөр жайы үчүн жабдуулар, инвестициялар жана кыймылсыз мүлктөр сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий