• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстандагы футболдун 100 жылдык өнүгүү мезгилин чагылдырган архивдик сүрөттөр камтылган фотокөргөзмө менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргызстандыктарды жана алдыңкы спортчуларды бул маанилүү дата менен куттуктады. Ал ата мекендик футболчулардын чеберчилигин жана жетишкендиктерин белгилеп, Кыргызстандын дүйнөлүк аренада кадыр-баркын көтөрүү аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы өлкөдө спортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу зарылдыгын баса белгилеп, футболду мектептен баштап университеттерге жайылтуу Кыргызстанды дени сак улуту бар күчтүү мамлекетке айландырат деген оюн билдирди. Ал өлкөнүн спорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө бардык күч-аракетин жумшоого чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаровго фрунзелик «Алга» клубунун ардагерлеринин кол тамгалары коюлган эстелик топ, ошондой эле кыргыз футболунун тарыхын архивдик сүрөттөр менен камтыган альбом тапшырылды.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров жаш футболчулар менен учурашып, сүрөткө түштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ФИФАнын президенти Джанни Инфантино да видеобайланыш аркылуу куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий