• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кыргыз-герман бизнес-форуму өтөт

Саясат 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. 2022-жылдын 2-июнунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин статс-катчысы Нильс Аннен менен онлайн-форматында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министрлигинин башчысы Германия менен кызматташууну өнүктүрүү Кыргызстандын европалык багыттагы тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилеп, тараптардын өнүктүрүү жаатындагы жемиштүү кызматташтыгын баса белгиледи. Министр Германия менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатканын баса белгиледи.

Нильс Аннен белгилегендей, германиялык тарап узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуп, Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө. Герман тарап климатты коргоо жана энергетика тармагында кызматташуунун келечегин белгиледи.

Ошондой эле, сүйлөшүүлөргө КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев катышып, тараптар 2022-жылдын 24-майында 14,9 млн евро өлчөмүндөгү Кыргызстандын айыл жерлеринде турак-жай курулушун каржылоо үчүн колдонуу максатында карызды конверсиялоо боюнча келишимге кол коюлгандыгын канааттануу менен белгиледи. Келишимге кол коюу жемиштүү биргелешкен иштин жаркын мисалы экендиги баса белгиленди.

Тараптар 2022-жылдын 13-14-июнунда Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-герман бизнес-форумунун жана КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылюек Жапаров тең төрагалык кылган кыргыз-герман Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экономикалык кызматташтыктын алкагында алдыдагы биргелешкен иштердин негизги багыттары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий