• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча эл аралык “Хан Кошой” мелдеши аяктады

Спорт 0

Бишкек, 13.11.17. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча эл аралык “Хан Кошой” мелдеши аяктады. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстандын жети облусунан 150гө жакын спортчу жана Тажикстан, Өзбекстандан балдандар келишкен. Аталган иш-чараны өткөрүү үчүн улуттук спорттун түрү боюнча Дирекциядан 450 миң сом бөлүнгөн.

“Бардыгы болуп 28 комплект медаль, 7 – күмүш жана 17 – коло ойнотулду. Биринчи оорунду ээлеген балбандарга атайын кыргыз оймолору түшүрүлгөн “Хан Кошойдун куру” куру тапшырылды”,-деп айтылат маалыматта.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси;

55 кг салмактык категория боюнча;

1-орун - Абай Русланбек уулу,

2-орун – Турсунбек уулу Дамирбек,

3-орун – Майрамбек уулу Бекбол,

3-орун – Миркомил Ахаткулов (Өзбекстан).

60 кг салмактык категория боюнча;

1-орун – Бекзат Тынчтыкбек уулу,

2-орун –Исламбек Калымбай уулу,

3-орун - Умиджон Усаров (Өзбекстан),

3-орун - Руслан Урматбек уулу.

66 кг салмактык категория боюнча;

1-орун – Мирхат Шамбек уулу,

2-орун – Хасан Исмоилов (Өзбекстан),

3-орун– Рустам Ибраим уулу,

3-орун – Насипбек Нурлан уулу.

74 кг салмактык категория боюнча;

1-орун– Муратбек уулу Нурмат,

2-орун – Дастан уулу Ислам,

3-орун – Иманбек Добулбек уулу,

3 место – Бексултан Кубанычбек уулу.

84 кг салмактык категория боюнча;

1-орун– Бектурган Кожомуратов,

2-орун – Достонбек Почоев (Тажикстан),

3-орун – Амантур Жумали уулу,

3-орун – Зыямидин Садыбеков.

84 кг ашык салмактык категория боюнча;

1-орун – Нурбек Кожобеков,

2-орун – Чыңгыз Чалабаев,

3-орун– Камолиддин Эгембердиев (Өзбекстан),

3-орун – Байыш Тажымырза уулу.

Абсолюттун салмактык категория;

1-орун – Баатырбек Акматов (Талас),

2-орун – Медет Мамырбеков (Талас),

3-орун – Ызабек Асылбеков ( Талас),

3-орун – Мураталиев Манас (Бишкек).

Пикир

Оставить комментарий