• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте кыргыз күрөш боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарында кыргыз күрөш боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 1-2-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.

Чемпионатка өлкөнүн бардык аймактарынан 7 салмакта 350дөн ашык спортчу күч сынашты.

Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында кыргыз күрөш боюнча Кыргызстандын курамасы түзүлдү. Алар IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана дүйнө чемпионатына катышат.

Пикир

Оставить комментарий